Раззак Бейшекеев Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет жаштар арасында Дүйнө чемпиону болду
23 октябрь

Раззак Бейшекеев Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет жаштар арасында Дүйнө чемпиону болду

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Раззак Бейшекеев Албаниянын Тирана шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү болду.

Спортчу 67 кг чейинки салмакта катышууда. Алгач 1/16 финалдык беттеште албаниянын балбаны Даниель Дажанини 10:1 эсебинде, 1/8 финалдык беттеште азербайжандык Фарид Халиловду 4:1 эсебинде жеңип чейрек финалга чыкты.

1/4 финалдык беттеште жапониянын балбаны Харуто Ябени 9:0 эсебинде, жарым финалдык беттеште польшалык Арсланбек Салимовду утуп финалга чыкты.

Алтын медаль үчүн беттеште грузиялык спортчу Диего Чхиквадзени жеңип, өз салмагында Дүйнө чемпиону аталды.