Денис Петрашов Сингапурда өткөн дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
27 июль

Денис Петрашов Сингапурда өткөн дүйнө чемпионатынын финалына чыкты

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Сингапурда өтүп жаткан суу спорту боюнча дүйнө чемпионатында жарым финалда ийгиликтүү чыгып, 100 метрге брасс ыкмасында сүзүү боюнча финалга жолдомо алды.

Мелдеш 27-июлда старт алды. Эртең мененки сессияда алдын ала жарыштарда Петрашов 59,53 секунд көрсөтүп, өз күчү менен үчүнчү орунду ээлеп, сегизинчи жыйынтык менен жарым финалга өттү.

Жарым финалда ал биринчи тепкичте чыгып, жыйынтыгын 59,20 секундага чейин жакшыртты, бул жалпы эсепте алтынчы орунду ээлеп, мелдештин чечуучу этабына чыгууга мумкундук берди.

100 метрге брасс ыкмасы боюнча сүзүү боюнча финалдык беттеш 28-июлда Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө болот.

Петрашов Кыргызстанды дүйнөлүк деңгээлде ишенимдүү көрсөтүүнү улантууда жана күйөрмандар финалдык жарышты чыдамсыздык менен күтүп жатышат.