Кыргызстандын грек-рим күрөш боюнча курама командасы дүйнө чемпионатынан кайтып келди
Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасы Хорватиянын Загреб шаарында өткөн дүйнө чемпионатынан Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Спортчуларды “Манас” эл аралык аэропортунан Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Мелис Тобокелов, спортчулардын жакындары жана күйөрмандары тосуп алды.
Эске салсак, 13-сентябрдан 21-сентябрга чейин Хорватиянын борбору Загреб шаарында спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өттү.
Мелдеш эркин күрөш менен башталып, кыз-келиндер күрөшү уланып, грек-рим күрөшү менен жыйынтыкталды. Дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан Асан Жанышов грек-рим күрөшү боюнча 87 кг салмак категориясында күч сынашып, дүйнө чемпионатынын коло медалынын ээси болду.
