Ноокатта заманбап стадион курулат. Ал үчүн 350 млн сом бөлүнөт
16 октябрь

Ноокатта заманбап стадион курулат. Ал үчүн 350 млн сом бөлүнөт

Ноокат районунун Гүлистан айыл аймагында жайгашкан эски стадиондун ордуна заманбап, көп функционалдуу спорт комплекс курулат. Бул тууралуу бүгүн Ош облусунун башчысы Элчибек Жантаев атайын жыйындын жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымына караганда, бул максатта президенттин администрациясына Турукташтыруу фондунан 350 миллион сом бөлүп берүү тууралуу расмий кат жөнөтүлгөн.

Натыйжада президенттин тиешелүү тескемеси чыгып, каржылоого уруксат берилди.