Бүйүр кызыткан беттеш! Кыргызстан менен БАЭнин оюну тең чыгуу менен аяктады
11 июнь

Бүйүр кызыткан беттеш! Кыргызстан менен БАЭнин оюну тең чыгуу менен аяктады

Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын футбол боюнча улуттук курама командалары беттешти.

Оюн 2026-жылкы дүйнө чемпиондугунун III тандоо турунун алкагында 10-июнда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү. 

90-мүнөткө созулган бүйүр кызыктан оюн 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. 

Белгилей кетсек, 2026-жылкы Дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын экинчи раунду алкагында Кыргызстандын улуттук курама командасы тарыхта алгачкы жолу үчүнчү раундка жолдомо камсыздап, 2027-жылкы Азия Кубогуна чыккан.

Ак шумкарлар аталган раунддун 9 турунун жыйынтыгында, тилекке каршы, тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгүн жоготту.

Белгилей кетсек, үчүнчү баскычта 18 курама алты командадан турган үч тайпага бөлүнгөн. Бул этаптагы оюндардын жыйынтыгы боюнча ар бир тайпадан эң мыкты эки команда 2026-жылкы Дүйнөлүк биринчиликке жолдомо алат.

Төртүнчү квалификациялык раундда Азиядан дагы эки катышуучу аныкталат жана континенттер аралык плей-офф аркылуу Дүйнөлүк чемпионатка катышуу үчүн дагы бир орун үчүн күрөш жүрөт. Кыргызстандын улуттук курама командасы Иран, Катар, БАЭ, Түндүк Корея жана Өзбекстандын курама командалары менен биргеликте «А» тайпасында орун алган.