Бишкекте кросс боюнча Кыргызстандын биринчилиги өтөт
2 апрель

Бишкекте кросс боюнча Кыргызстандын биринчилиги өтөт

Бишкек шаарында 5-апрель күнү кросс боюнча Кыргыз Республикасынын биринчилиги өтөт. Мелдешке жети облустан келген спортчулар катышат. Чемпионат Кара-Жыгач сейил багында өтөт.

Катышуучулар төмөнкү аралыкка чуркашат:

  • 1000 м – кыздар (2012-2013 ж.т.);
  • 1000 м – балдар (2012-2013 ж.т.);
  • 1000 м – кыздар (2010-2011 ж.т.);
  • 2000 м – балдар (2010-2011 ж.т.);
  • 2000 м – балдар (2008-2009 ж.т.);
  • 3000 м – кыздар (2008-2009 ж.т.);
  • 4000 м – кенже курак (2006-2007 ж.т.);
  • 6000 м – кенже курак (2006-2007 ж.т.).

Мелдеш «Ынтымак» олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби жана Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика федерациясы тарабынан уюштурулууда.