VI ДКО: Аркан тартыш боюнча мелдештин жыйынтыгы
5 сентябрь

VI ДКО: Аркан тартыш боюнча мелдештин жыйынтыгы

2-4-сентябрь күндөрү Кырчын жайлоосунун Спорт ордосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында аркан тартыш боюнча мелдеш болуп өттү.

Мелдешке 13 мамлекеттен 13 команда катышты.

Эркектер арасындагы абсолюттук салмак категориясында спортчулар 1×1, 4×4 жана 8×8 форматтарында күч сынашты.

1×1 форматындагы мелдештин жыйынтыгы:

1-орун — Казакстан, 50. 000 сом
2-орун — Кыргызстан, 40. 000 сом
3-орун — Пакистан, 30. 000 сом

4×4 форматындагы мелдештин жыйынтыгы:

1-орун — Казакстан, 100.000 сом
2-орун — Иран, 80. 000 сом
3-орун — Кыргызстан, 60. 000 сом

8×8 форматындагы мелдештин жыйынтыгы:

1-орун — Казакстан, 150. 000 сом
2-орун — Кыргызстан, 130. 000 сом
3-орун — Пакистан, 100. 000 сом

Кошумча маалымат: Аркан тартыш - дүйнө элдеринин мелдеши. Мелдештер 3 багыт боюнча өткөрүлөт:

– 1х1 жеке жолугушуулар;
– 4х4 кишиден турган командалар арасында;
– 8х8 кишиден турган командалар арасында.