
Кыргызстандык спортчулар Түркмөнстанда өткөн эл аралык мелдеште 11 медаль утту
Кыргызстандын "Алыш" бел боо күрөшү боюнча курама командасынын мүчөлөрү Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн эл аралык мелдеште 11 медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, анын экөө алтын, төртөө күмүш жана бешөө коло медаль.
Мелдеш "Алыш" бел боо жана түркмөн күрөшү боюнча өтүп, жалпы КМШ өлкөлөрүнүн спортчулары катышты.