Жалал-Абадда 5,2 миң орунга ылайыкташкан жаңы спорт сарайынын курулушу башталды
22 июнь

Жалал-Абадда 5,2 миң орунга ылайыкташкан жаңы спорт сарайынын курулушу башталды

Жалал-Абадда 5 миң 200 орунга ылайыкташкан жаңы спорт сарайынын курулушу башталды. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты. 

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев катышып, курулушка мезгил кутусун салышты.

Жаңы спорт сарай мурдагы “Айти” базардын ордуна салынып жатат. Ал көп функционалдуу болуп, эл аралык турнирлерди өткөрүүгө, машыгууга бардык шарттар түзүлөт.

Имарат үч бөлүктөн туруп, чоң спорттук аянтча, олимпиадалык стандарттагы бассейини болот. Кошумча сыртында 200 орунду унаа токтотуучу жайы курулат.