Бишкекте кармашып урушуу боюнча өлкө биринчилиги өтөт
Бишкекте 5-6-апрель күндөрү кармашып урушуу боюнча өспүрүмдөр жана жаштар арасында Кыргызстандын биринчилиги өтөт.
Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттиги билдиргендей, мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.
Жеңүүчүлөргө Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.
Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат:
8-9 жаш: 20, 22, 25, 28, 30, +30 кг;
10-11 жаш: 26, 28, 30, 33, 36, +36 кг;
12-13 жаш: 35, 38, 41, 44, 48, 52, 57, 62, 67, +67 кг;
14-15 жаш: 41, 44 ,48, 52, 57, 62, 67 73, +73 кг;
16-17 жаш: 48, 52, 57, 62, 67, 73, 80, +80 кг;
18-23 жаш: 57, 62, 67, 73, 80, 97, +97 кг;
Кыздар арасында:
12-13 жаш: 35, 40, 45, 50, 55, +55 кг;
14-15 жаш: 40, 45, 50, 55, 60, +60 кг;
16-17 жаш: 45, 50, 55, 60, 65, +65 кг.
