VI ДКО: Стронгмэн мелдешинин жыйынтыгы
2-4-сентябрь күндөрү Кырчын жайлоосундагы Спорт ордосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында стронгмен боюнча мелдеш болуп өттү.
Мелдешке дүйнөнүн 10 мамлекетинен 19 спортчу катышты.
Мелдештин жыйынтыгы:
1-орун — Сажад Солтанинежад (Иран), 150.000 сом
2-орун — Денис Вагапов (Россия), 130 000 сом
3-орун — Вадим Макарстов (Казакстан), 100 000 сом.
Кошумча маалымат: Стронгмен — дүйнөнүн ар тарабынан келген балбандардын мелдеши. Мелдеш эркектер арасында салмак категориялары эсепке алынбастан өткөрүлөт.
