Өспүрүмдөр жана жаштар арасында оор атлетика боюнча Кыргызстандын биринчилиги өтөт
Өспүрүмдөр жана жаштар арасында оор атлетика боюнча Кыргызстандын биринчилиги өтөт. Бул тууралуу Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.
Мелдеш 3-5-апрель күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы "Газпром" спорт комплексинде өтөт.
Мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.
Жеңүүчүлөргө "Ынтымак" олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар өспүрүмдөр мектеби тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.
Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат:
Өспүрүмдөр арасында:
- Балдар: 45, 49, 55, 61, 67, 73, 81, 89, 96, 102, +102 кг;
- Кыздар: 36, 40, 45, 49, 55, 59, 64, +64 кг;
Жаштар арасында:
- Балдар: 49, 55, 61, 67, 73, 81, 89, 96, 102, 109, +109 кг;
- Кыздар: 40, 45, 49, 55, 59, 64, 71, +71 кг.
