2024-жылдын эң кымбат спортчусу ким экендиги айтылды
27 февраль

2024-жылдын эң кымбат спортчусу ким экендиги айтылды

«Аль-Наср» клубунун чабуулчусу жана Португалия курамасынын оюнчусу Криштиану Роналду 2024-жылдын эң кымбат спортчусу деп табылды. 40 жаштагы футболчу былтыркы жылдын эсеби менен € 248 млн. жакын каражат тапкан. Бул тууралуу Sky Sports маалымдайт. 

Экинчи орунда «Голден Стейттин» баскетболчусу Стефен Карри (€ 146 млн), үчүнчүдө — боксёр Тайсон Фьюри (€ 140 млн) жайгашкан. 

Ал эми Лионель Месси € 129 млн таап, төртүнчү орунга жайгашкан. 

Бешинчиде «Лос-Анджелес Лейкерстин» баскерболчусу Леброн Джеймс (€ 127 млн) турат.