Баткенде Жеңиштин 80 жылдыгына карата кичи футбол мелдеши өттү
Баткенде Улуу Ата Мекендик согуштун 80 жылдыгына арналган кичи футбол боюнча мелдеш уюштурулду. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Мелдешке жалпы 6 команда катышты.
Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар, кубоктор жана грамоталар тапшырылып, мыкты оюнчулар өзгөчө сыйланды.
Иш-чаранын максаты – мекенди коргогон баатырларды эскерүү менен бирге, милиция кызматкерлеринин ынтымагын бекемдөө жана ардагерлерге урмат көрсөтүү болду.
