Кыргызстандык боксчулар Черногрияда өткөн дүйнө кубогунда үч медаль утту
10 март

Кыргызстандык боксчулар Черногрияда өткөн дүйнө кубогунда үч медаль утту

Кыргызстандын бокс боюнча жаштар курама командасы Черногиянын Будва шаарында өткөн Дүйнө кубогунда 1 күмүш 2 коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты. 

Балдар арасында 57 кг чейинки салмакта Амантур Жумаев күмүш медалга ээ болду. Ал эми Өмүрбек Малабаев 92 кг чейинки салмак категориясында 3-орунду ээледи.

Курама команда улук машыктыруучу Улан Төлөнбай уулу жана машыктыруучулар Адилет Сабатаров, Болот Моңолдоров, Визилтер Владиславдын жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Кыздар арасында 70 кг чейинки салмакта Зарина Асанова коло медалга ээ болду.

Курама команда улук машыктыруучу Рустам Есенкуловдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.