Кайрат Эгембердиев КР Спорттук лигасынын президенти болуп дайындалды
3 февраль

Кайрат Эгембердиев КР Спорттук лигасынын президенти болуп дайындалды

Кайрат Эгембердиев КРнын Спорттук лигасынын президенти болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен кабарлашты. 

Белгилей кетсек, Кайрат Эгембердиев ата-мекендик «Шоро» компаниясынын жетекчиси катары футболду көптөгөн жылдар бою ар тараптуу колдоп келет.


Маалымат үчүн: Эгембердиев Кайрат – Кыргыз футбол биримдигинин Аткаруучу комитетинин мүчөсү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук курама командасынын расмий демөөрчүсү болгон «Шоро» компаниясыны генералдык директору. Ал эми Спорттук лига - Кыргыз Республикасындагы футбол ышкыбоздору арасындагы мелдештерди уюштурууга жооптуу уюм.