Кыргызстандык адистер Азия Кубогунун оюндарын тейлешти
2 апрель

Кыргызстандык адистер Азия Кубогунун оюндарын тейлешти

Кыргызстандык адистер Азия Кубогунун оюндарын тейлешти, деп билдирет Кыргыз футбол биримдигинин басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, 20–31-март күндөрү Таиланддын Паттайя шаарында 16 курама команданын катышуусунда кум үстүндөгү футбол оюнча Азия Кубогу өткөн. Аны эки кыргызстандык адис тейледи.

Турнирде коопсуздук суроолору боюнча Канат Ракишев иштесе, Ильдар Гарифулин оюн комиссарынын милдетин аткарды.

Белгилесек, аталган адистер кезинде Кыргыз футбол биримдигинин түзүмүндө эмгектенишкен.