Алымбек датканын 225 жылдык мааракеси. Алай командасы көк бөрү мелдешинде чемпион болду
11 сентябрь

Алымбек датканын 225 жылдык мааракеси. Алай командасы көк бөрү мелдешинде чемпион болду

Бүгүн Алай районунда Алымбек датка Асанбий уулунун 225 жылдыгына арналган облустук көк бөрү мелдешинин финалдык беттеши өттү.

Анда Алай-1 командасы Кара-Кулжа командасын 3:2 эсебинде утуп, чемпиондук наамга ээ болду.

Иш-чарага президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев катышып, оюнчуларды куттуктап, жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшырды.

Мелдешке жалпы 8 команда катышып, жыйынтык төмөнкүдөй болду:

  • 1-орун: Алай-1 – 600 миң сом
  • 2-орун: Кара-Кулжа – 400 миң сом
  • 3-орун: Өзгөн – 200 миң сом
  • 4-орун: Ноокат – 100 миң сом

Ал эми калган командаларга 50 миң сомдон берилди.