Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр арасында эл аралык мелдеш өтөт
2 апрель

Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр арасында эл аралык мелдеш өтөт

Бишкекте 2-3-апрель күнү Р.Санатбаев атындагы спорт комплексинде грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр (U-15) арасында Ауэз Ордобаевдин жаркын элесине арналган эл аралык мелдеши өтөт. Бул тууралуу Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттиги билдирет. 

Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат: 38, 41, 44, 48, 52, 57, 62, 68, 75, 85 кг.

Жеңүүчүлөргө «Тайманбас» Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар өспүрүмдөр мектеби тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.