Кыргызстандын курамасы Москвада ат спортчу боюнча мелдеште 34 медаль утту
9 июль

Кыргызстандын курамасы Москвада ат спортчу боюнча мелдеште 34 медаль утту

Ушул жылдын 2-5-июль күндөрү Москва шаарында Maxima Master’s Eurasia Кубогунун алкагында ат спорту боюнча конкур мелдештери болуп өттү.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, жарыштарда 60 смд 150 см чейинки тоскоолдуктар коюлган маршруттар каралып, жыйынтыгында Кыргызстан курама командасы 34 медаль жеңип алды.

Кыргызстандын атынан ар кайсы маршртуттар боюнча 8 спортчу төмөнкүдөй жыйынтыктарга жетишти.

  • Ринат Галимов — 7 алтын, 1 күмүш жана 2 коло медаль (жалпы 10 медаль)
  • Андрей Тряпицин — 2 алтын медаль
  • Камиль Сабитов — 5 алтын жана 4 күмүш медаль
  • Анна Белюсенко — 2 алтын медаль
  • Луиза Галимова — 3 алтын жана 3 күмүш медаль
  • Полина Потапова — 1 күмүш медаль
  • Айзирек Кочкорова — 1 алтын жана 1 коло медаль
  • Богдан Стрельников — 1 алтын жана 1 күмүш медаль