Таласта волейбол боюнча республикалык мелдеш өттү
Талас районунун Манас айылында 1-февраль күнү волейбол боюнча республикалык мелдеш өттү, деп билдирет Талас облустук жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт башкармалыгы.
Маалыматка ылайык, ага облус аймагынан жалпы 21 команда катышты.
Жыйынтыгында байгелүү оорундарды ээлеген командаларга башкармалык тарабынан кубок, медаль жана диплом, демөөрчүлөр тарабынан акчалай сыйлыктар берилди.
Жыйынтык
- 1-орун Манас командасы (Талас району)
- 2-орун Кууганды командасы (Талас району)
- 3-орун Шекер командасы (Айтматов району)
- 4-орун Көк-Таш командасы (Бакай-Ата району).
Белгилей кетсек, мелдеш “Ардактуу атуул” кушубак Черикчиевдин жаркын элесине арналып өткөрүлгөн.
