Ысык-Көлдө "Ультра" эл аралык супермарафону өтөт
25 апрель

Ысык-Көлдө "Ультра" эл аралык супермарафону өтөт

2025-жылдын 5-майынан 10-майына чейин Ысык-Көл облусунда «Я-Ультра» ООО тарабынан уюштурулган «Ультра-Ысык-Көл» эл аралык көп күндүк марафону өтөт.

Иш-чара көп күндүк ультрамарафончулардын глобалдык уюмунун (GOMU) макулдугу менен өткөрүлүүдө, бул көп күндүк ультрамарафондордун катышуучуларын бириктирген алдыңкы эл аралык уюм болуп саналат. 

Ультра-Ысык-Көл марафону GOMU тарабынан дүйнөдөгү эң узун алты баскычтуу жарыш катары таанылган. Ысык-Көлдү айланып өткөн жолдун жалпы узундугу 460 чакырымды түзүп, алты этапка бөлүнөт:

I этап - Xuanzang Way/ Сюань Цзан жолу (85 км). Маршрут көлдүн түштүк жээги менен VII кылымда бул жакка саякат кылган атактуу кытай монахы Сюань Цзандын жолу менен өтөт.

II этап — Boom Wind / Боом шамалы (79 км) Жарыш Балыкчы шаары аркылуу өтөт.

III этап — Warm Sea / Жылуу деңиз (45 км)
Финиш — Ысык-Көл облусунун курорттук борбору болгон Чолпон-Ата шаарында.

IV этап — Nomad Games / Көчмөндөр оюндары (90 км)
Старт Бактуу-Долоноту айылындагы ат майдандан башталат.

V этап — Seven Bulls / Жети бука (74 км)
Финиш — Жети-Өгүздөгү белгилүү Жети бука аскаларынын жанында.
VI этап — Fairy Tale / Жомок (87 км). 

Финиш — "Жомок" каньонунда.

Коопсуздукту камсыздоо жана ыкчам медициналык жардам көрсөтүү максатында саламаттыкты сактоо кызматтары толук кандуу коштоп жүрүшөт. Бул иштерге жооптуу адис катары Ысык-Көл облусунун саламаттык сактоо боюнча координатору Айпери Исаева дайындалган.

Медициналык камсыздоо үчүн төмөнкү ресурстар тартылган:

  • 3 тез жардам унаасы,
  • Медициналык чатырда иш алып барган 9 дарыгер жана 12 медайым,
  • Марафон трассасы боюнча кезектешип иштеген 6 дарыгер жана 6 медайым.