Баткенде 10 миң орунга ылайыкталган стадиондун курулушу башталды
Баткен шаарында 10 миң орунга ылайыкталган стадиондун курулушу башталды. Анын жалпы аянты 10 га түзөт. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Курулушка бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, КФБнын президенти Камчыбек Ташиев капсула салган.
Стадионго караштуу аймак футбол аренасынан сырткары үч машыгуу оюн талааларын жана төрт кичи футбол аянтчаларын камтып, алардын жанында кийим алмаштыруучу бөлмөлөр орун алмакчы. Ал эми стадиондун өзү жана бир футбол аянтча жарык берүүчү шам чырактар менен жабдылып, футболдук беттештерди кечки убакытта кабыл алууга шарт түзүлөт.
Стадиондун аймагында профессионал футболчуларды жана жаш оюнчуларды кабыл ала турган 100 кишилик жатакана комплекси курулат.
Футболдук борбордо 200 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай орун алат.
Мындай футболдук ири инфратүзүм Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн тарыхында Баткен аймагында алгачкы жолу ишке ашууда.
Стадиондун курулушунун аякташы менен облустук жана республикалык маанидеги масштабдуу иш чараларды өткөрүүгө мыкты шарт түзүлөт.
