Футзал боюнча улуттук курама БАЭге каршы жолдоштук беттештерди өткөрөт
Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курамасы 2026 жылкы Азия Кубогуна даярдык катары Бириккен Араб Эмираттар курамасы менен эки жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен кабарлашты.
Оюндар 13-15-апрель күндөрү Бишкек убактысы менен 21:20 Дубай шаарында орун алат.
Аталган беттештерге курама 7-апрелде Бишкекте даярдык көрө баштайт.
