Кыргызстандык адистер CAFA U-17  мелдешининин оюндарын тейлешти
10 март

Кыргызстандык адистер CAFA U-17 мелдешининин оюндарын тейлешти

Кыргызстандык адистер CAFA U-17 Women’s Championship 2025 мелдешининин оюндарын тейлешти. Бул тууралуу кыргыз футбол биримдигинен кабарлашты. 

Эл аралык мелдеш Тажикстандын Дүйшөнбү шаарында 8-мартта жыйынтыкталды. Ага Өзбекстан, Иран, Тажикстан, Кыргызстан курамалары катышышты.

Аталган мелдештин бир катар оюндарын кыргызстандык адистер – калыс Малика Кадырова, калыс жардамчысы Гаухар Мурзалиева тейлешти.

Ал эми Кыргыз профессионалдык футбол лигасынын Мелдештер бөлүмүнүн адиси Наталья Угрюмова турнирде оюн комиссарынын милдетин аткарды.