Эркин күрөш боюнча курама команда Азия чемпионатынан кайтып келишти
2 апрель

Эркин күрөш боюнча курама команда Азия чемпионатынан кайтып келишти

Бүгүн ркин күрөш боюнча курама команданын мүчөлөрү Иорданиянын Амман шаарында өткөн Азия чемпионатынан кайтып келди. Бул тууралуу Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти. 

Спортчуларды "Манас" эл аралык аэропортунан Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Мелис Тобокелов жана туугандары тосуп алды.

Эске салсак, 70 кг чейинки салмакта катышкан Эрназар Акматалиев алтын медалга жана 74 кг чейинки салмак категориясында Орозобек Токтомамбетов коло медалга ээ болушкан.

Улуттук курам башкы машыктыруучу Азат Мирахимов, улук машыктыруучулар Эламан Догдурбек уулу жана Илгиз Жакыпбековдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.