КРнын футзал боюнча улуттук курамасы Венгрияга каршы беттеш өткөрөт
7 август

КРнын футзал боюнча улуттук курамасы Венгрияга каршы беттеш өткөрөт

Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курамасы 2026 жылкы Азия Кубогунун тандап алуу оюндарына даярдык катары Венгрия курамасы менен эки жолдоштук беттеш өткөрөт.

КФБдан кабарлашкандай, оюндар 29 жана 31-август күндөрү Будапешт шаарында орун алат.

Оюнчулар тизмеси жакынкы аралыкта белгилүү болот.

Эске салсак, 2026 жылкы Азия Кубогунун «F» тапасынын тандап алуу оюндары Бишкек шаарында 20-24-сентябрь күндөрү орун алат.