17-майда Энелер күнүнө карата Ош шаарынын кыз-келиндер күрөшү боюнча ачык биринчилиги болуп өттү
18 май

17-майда Энелер күнүнө карата Ош шаарынын кыз-келиндер күрөшү боюнча ачык биринчилиги болуп өттү

Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Аманова Салтанат Абдылдаевна, Ош шаарынын кыз-келиндер күрөшү боюнча федерациянын Президенти Исаева Гулназ Назарбаевна, Ош шаардык Кеңешинин депутаты Тургунбаев Азамат Талантбекович катышышты.

Ошондой эле сыйлуу конок катары дүйнөнүн 3 жолку, Азиянын 6 жолку, Олимпиада оюндарынын күмүш жана коло байгесинин ээси, “Даңк” жана “Манас” орденинин ээси, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери - Тыныбекова Айсулуу Болотовна катышты.

Мелдеште Кыргызстандын 7 облусунун, Бишкек жана Ош шаарларынын, коңшу Өзбекистан Республикасынын 350 спортчу жаш кыздары өз күчтөрүн сынашты.