Бүгүн эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталат
24 декабрь

Бүгүн эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталат

Бүгүн, 24-декабрда, саат 11:00дө Кыргызстандын эркин күрөш боюнча чемпионаты башталат.

Чемпионаттын биринчи күнүндө 57, 65, 74, 86 жана 97 кг чейинки салмак категорияларында беттештер өтөт.

Чемпионаттын негизги максаты - эркин күрөштү өнүктүрүү жана жайылтуу, спортсмендердин чеберчилигин жогорулатуу, сергек жашоо образын даңазалоо, спорт аркылуу баңгизатка, алкоголизмге жана тамеки чегүүгө каршы күрөшүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын курамын толуктоо болуп саналат. Мелдештин жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасын 2026-жылы өтө турган Азия чемпионатына, Дүйнө чемпионатына, эл аралык жана лицензиялык турнирлерге катышуу үчүн тандоо жүргүзүлөт.

Жыйынтыгында I, II жана III орундарды ээлеген спортсмендер медаль жана дипломдор менен сыйланып, Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын курамына киргизилет.

Чемпионат Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (United World Wrestling) эрежелерине ылайык өткөрүлөт. Беттештер Бишкек шаарындагы “Жаштык” аренасында өтүүдө.