Кыргызстандык спортчулар Албаниядагы рейтигдик мелдешке катышууда
Албаниянын Тирана шаарында бүгүн, 26-февралда спорттук күрөш (эркин, грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү) боюнча рейтингдик турнири башталат.
Мелдештин биринчи күнү килемде 57, 61, 65, 70, 74, 86 кг чейинки салмакта беттештер өтөт.
Кыргызстандын атынан 10 балбан өлкө намысын коргойт. Мелдеш Бишкек убактысы боюнча саат 15:30да башталат.
57 кг 1/8 финалдык беттеш: Абдумалик Карачев – Алмаз Сманбеков;
61 кг 1/8 финалдык беттеш: Бекзат Алмаз уулу – Бекболот Мырзаназар уулу;
65 кг 1/8 финадык беттеш: Тайырбек Жумашбек уулу – Шуань Чэнь (Кытай);
65 кг 1/16 финалыдк беттеш: Билал Шарип уулу – Дмитро Михнюк (Украина);
70 кг 1/8 финалдык беттеш: Өмүрбек Таалайбек уулу – Акакий Керемтелидзэ (Грузия);
74 кг 1/8 финалдык беттеш: Орозобек Токтомамбетов – Куинси М.Понедельник (АКШ);
86 кг 1/8 финалдык беттеш: Бекзат Рахимов – Себастьян Езежанский (Польша);
86 кг ¼ финаддык беттеш: Мухаммед Абддулаев (азырынча атаандашы белгисиз).
