Ошто чоң ат чабыш жана көк бөрү оюндары өтөт
Ошто 5-октябрь – шаар күнүнө карата мэрдин кубогу үчүн Төлөйкөн ат майданында чоң ат чабыш жана көк бөрү оюндары болот. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.
Иш-чаранын программасы:
• 11:00 – 3-орун үчүн көк бөрү мелдеши
• 12:00 – Тай чабыш (5000 м)
• 12:30 – Кыска аралыкка ат чабыш (1800 м)
• 12:45 – Кунан чабыш (12 000 м)
• 13:30 – Ачылыш аземи
• 13:45 – Ат оюндары
• 14:15 – Кыска аралыкка ат чабыш (3400 м)
• 14:30 – Аламан ат чабыш (25 000 м)
• 15:00 – Байгелерди жана Ош шаарынын мэринин кубогун тапшыруу аземи
• 15:30 – Көк бөрү оюнунун финалы.
