Куттуктайбыз! Айпери Медет кызы Алматыдагы мелдеште жеңүүчү болду
Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Казакстандын Алматы шаарында өтүп жаткан Professional Wrestling League-8 (PWL-8) мелдешинде жеңүүчү аталды.
Айпери 76 кг салмакта килемге чыгып, казакстандык спортчу Жамиля Бакбергенова менен күч сынашты.
Беттештин биринчи бөлүгүндө атаандаштынын пассивдүүлүгү үчүн Медет кызына 1 упай берилип, ал 1:0 эсебинде алдыга чыкты.
Экинчи бөлүктө калыс Айпери Медет кызынын пассивдүүлүгү үчүн Бакбергеновага 1 упай берип, эсеп теңелди. Эгер беттеш ушундай эсеп менен аяктаганда акыркы упай алган Жамиля Бакбергенова жеңүүчү болмок. Бирок Медет кызы 4 упай ыкма жасап, алдыга чыга алды.
Беттеш 5:1 эсебинде аяктап, Айпери Медет кызы жеңишке жетти.
