
Кыргызстандык спортчулар Вьетнамда өткөн Азия чемпионатында 5 медаль утту
Кыргызстандые эркин күрөш боюнча жаштар курама командасы (U-23) Вьетнамдын Вунг Тау шаарында өткөн Азия чемпионатында 5 медаль утту. Анын бирөө алтын, бирөө күмүш жана төртөө коло медаль. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирет.
Алтын медаль ээлери:
- 86 кг Мухаммад Абдуллаев.
Күмүш медалдын ээлери:
- 70 кг Адис Рахат уулу;
Коло медалдын ээлери:
- 57 кг Мухаммадрасул Салиев;
- 65 кг Рустамжан Кахаров;
- 79 кг Байтемир Түлөбердиев;
- 92 кг Улукбек Сооронбеков.
Курама команда улук машыктыруучу Ильгиз Жакыпбековдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.