Бахрейнде өтө турган жаштар арасындагы III Азия оюндарына Кыргызстан курама командасын жөнөттү
Бүгүн, 15-октябрда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда 22-октябрдан 31-октябрга чейин Манама шаарында (Бахрейн Падышалыгы) өтө турган III Өспүрүмдөр Азия оюндарына катыша турган спортчулар менен жолугушуп, Кыргызстандын курама командасынын капитаны Улан Майрамбековго Мамлекеттик тууну тапшырды.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиев, Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитетинин өкүлдөрү, оюндарга катыша турган спортчулар, машыктыруучулар, Спорт агенттигине караштуу дирекциялар менен мекемелердин жетекчилери катышты.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов Кыргызстан эли үчүн спортчуларды Азия оюндарына узатуу чоң сыймык экенин белгиледи.
“Өлкөбүздүн мамлекеттик туусун силерге тапшырып жатып, III Өспүрүмдөр Азия оюндарында силерге чоң ийгилик каалайм. Азыр биз спортчуларга “алтын” алып кел деп эмес, жеңиш менен келгиле деп калганбыз. Жеңиштер болсун, жеңиштер менен кайтасыңар деген чоң үмүттөбүз”, – деди Байсалов.
III Өспүрүмдөр Азия оюндарына Кыргызстандын атынан 145 спортчу 18 спорттун түрү боюнча катышат.
Спортчулар жеңил атлетика, бокс, сууда сүзүү, таэквондо, триатлон, оор атлетика, дзюдо, эркин күрөш, кыз-келиндер күрөшү, баскетбол 3х3, джиу-джитсу, муай тай (тай бокс), велоспорт, киберспорт, футзал, ММА, кураш жана пенчак силат боюнча өлкөнүн намысын коргойт.
Белгилей кетсек, II Өспүрүмдөр Азия оюндары 2013-жылы Кытай Эл Республикасында өтүп, ага Кыргызстандын атынан 14 спортчу спорттун 6 түрү боюнча катышкан.
