Бишкекте эл аралык “ONE RUN” жарым марафону өттү
23 май

Бишкекте эл аралык “ONE RUN” жарым марафону өттү

Бүгүн, 23-майда “Газпром балдарга” дене тарбия- ден соолукту чыңдоо комплексинде төртүнчү эл аралык “ONE RUN” аттуу жарым марафону болуп өттү.

Салтанатуу ачылыш аземге Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Мелис Тобокелов, жеңил атлетика федерациясынын өкүлдөрү жана башка коноктор катышты.

Жарым марафонго жалпы 1200дон ашык спортсмендер катышып, алар 5км, 10км жана 21.1км дистанцияларда чуркашты.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
5 км эркектер арасында:
1-орун Самат Казакбаев (00:15:52);
2-орун Нурбек Токтогул уулу (00:16:09);
3-орун Тариел Саякбаев (00:17:20).

5 км кыз-келиндер арасында:
1-орун Айым Өзгөрүшова (00:18:53);
2-орун Айдана Бактыбек кызы (00:20:25);
3-орун Элина Риябинина (00:21:30).

10 км эркектер арасында:
1-орун Александр Салахидинов (00:32:22);
2- орун Суйунбек Кубанов (00:33:25);
3-орун Азат Касымбеков (00:33:36).

10 км кыз-келиндер арасында:
1-орун Айгерим Абденбаева (00:43:03);
2-орун Айбийке Абдысаматова (00:43:30);
3-орун Элиза Абдиева (00:44:42).

21,1 км эркектер арасында:
1-орун Тилекжан Жекшеналы уулу (1:08:03);
2-орун Илья Тяпкин (01:10:02);
3-орун Аман Момуналиев (01:12:17).

21,1 км кыз-келиндер арасында:
1-орун Мария Коробицкая (1:22:45);
2-орун Луллиа Фернас (1:34:46);
3-орун Чынара Абдуллаева (1:52:25).

Кичинекей балдар арасында:
1-орун Ильяс Наспеков (00:01:49);
2-орун Арун Жолдошбеков (00:01:50);
3-орун Данис Кубанычбеков (00:01:51).

Кичинекей кыздар арасында:
1-орун Диара Тюлебаева (00:02:03);
2-орун Нуржамал Солтобекова ( 00:02:12);
3-орун Адеми Курманбекова (00:02:13).