Кыргызстандык балбандар Грецияда өтчү U-17 дүйнө биринчилигине катышат
26 июль

Кыргызстандык балбандар Грецияда өтчү U-17 дүйнө биринчилигине катышат

Грецияда 28-июлда 17 жашка чейинки кадеттер (U-17) арасында спорттук күрөш боюнча дүйнө биринчилиги башталат.

Аталган эл аралык мелдешке Кыргызстандын курама командасынын балбандары грек-рим, кыз-келиндер жана эркин күрөш боюнча беттештерде килемге чыгат.

Мелдештер 28-июлдан 3-августка чейин өтөт.

Грек-рим күрөшү

  • Нуркерим Кумарбеков - 45 кг;
  • Жанарбек Сейитов - 48 кг ;
  • Ислам Курбанов - 51 кг ;
  • Алхам Абдирасулов - 55 кг ;
  • Амангелди Ысакбаев - 60 кг;
  • Адилет Омурбеков - 65 кг;
  • Актилек Садиров - 71 кг;
  • Нурислам Осконбаев - 80 кг ;
  • Нурбек Абдамитов 92 кг;
  • Умар Орманов - 110 кг.

U-17 грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын улук машыктыруучусу – Дастан Муктаров.

Кыздар күрөшү

  • Асема Асангараева - 40 кг;
  • Айза Таалайбекова - 43 кг;
  • Аяна Ниязбекова - 46 кг;
  • Азема Калидинова - 49 кг;
  • Бактыгүл Жуманазарова - 53 кг;
  • Альбина Салымбекова - 57 кг;
  • Акылай Чыныбаева - 61 кг;
  • Манзура Жусуева - 65 кг;
  • Аяна Асамаликова - 69 кг;
  • Меруерт Октябрева - 73 кг.

U-17 кыздар күрөшү боюнча улуттук курама команданын улук машыктыруучусу – Нурсултан Аскарбеков.

Эркин күрөш

  • Арнур Нурсаидов - 45 кг;
  • Довудбек Бахадиров - 48 кг;
  • Садыр Кайыпбеков - 51 кг;
  • Жакшылык Боробаев - 55 кг;
  • Амангулукман Жекшенкулов - 60 кг;
  • Адисбек Алтынбеков - 65 кг;
  • Айбек Эралиев - 71 кг;
  • Руслан Асанов - 80 кг;
  • Акжол Барпыбеков - 110 кг.

U-17 эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын улук машыктыруучусу – Надырбек уулу Улан.

Мелдештердин күн тартиби:

  • 28-29-июль – грек-рим күрөшү.
  • 30-31-июль – кыздар күрөшү.
  • 1-2-август – эркин күрөш.

Биринчи күнү алдын ала беттештер жана жарым финал, экинчи күнү көңүл жубатуучу, финалдык жана 3-орун үчүн беттештер өтөт.