Бишкекте ФИФАнын калыстар семинары өтүүдө
Бишкекте Кыргыз футбол биримдигинин кеңсесинде 2-июлда ФИФАнын ММА калыстар семинары башталды. Бул тууралуу КФБнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Иш-чара расмий ачылуу менен башталып, ага КФБнын биринчи вице-президенти Нурдин Букуев, КФБнын калыстар комитетинин төрагасы Бахадыр Кочкаров, калыстар бөлүмүнүн жетекчиси Рыспек Шекербеков жана Сингапур, Өзбекстан жана Малайзиядан келген ФИФАнын инструкторлору катышышты.
Семинардын негизги максаты — калыстардын теориялык жана практикалык деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле IFAB жана FIFA тарабынан кабыл алынган футбол эрежелериндеги акыркы өзгөрүүлөрдү түшүндүрүү болуп эсептелинет.
Инструкторлор тарабынан өткөрүлгөн сабактар оюн талаасында эрежелерди так жана туура колдонууга чоң жардам берет.
Белгилей кетсек, семинар 6-июлга чейин уланат.
