Бишкекте самбо боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт
14 февраль

Бишкекте самбо боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт

Бишкекте 24-26-февраль күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда эркектер жана кыз-келиндер арасында спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча Кыргызстандын биринчилиги өтөт.

Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашкандай, мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.

Жеңүүчүлөргө Спорттун Олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.

Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат:

  • Кыз-келиндер арасында (спорттук жана күжүрмөн самбо): 50, 54, 59, 65, 72, 80, +80 кг;
  • Эркектер арасында (спорттук жана күжүрмөн самбо): 58, 64, 71, 79, 88, 98, +98 кг.