Кыргызстандын өкүлдөрү клубдук турнирлер боюнча АФКнын саммитине катышты
Сауд Арабиянын Джидда шаарында Азия футбол конфедерациясынын клубдук турнирлердин форматын талдоо жана талкуулоо боюнча саммити өттү. Ага улуттук футбол ассоциациялардын, лигалардын жана футбол клубдарынын өкүлдөрү катышты.
Иш-чарага Кыргызстандын атынан Кыргыз профессионалдык футбол лигасынын аткаруучу директору Канат Асенов, ошондой эле ФК «Абдыш-Ата» клубунун жетекчиси Нурмат Сакебаев жана «Абдыш-Ата» академиясынын директору Айбек Турдубеков катышты.
Саммиттин күн тартибинде үстүбүздөгү сезондо ишке ашырылган реформалар, регламентке өзгөртүүлөр жана АФКнын клубдук турнирлеринин тайпалык жана плей-офф баскычтарынын негизги жыйынтыктары камтылды. Катышуучуларга статистикалык маалыматтар, аналитикалык обзорлор жана кийинки сезонго пландар сунушталды.
Саммиттин делегаттары 2024-2025-жылкы АФК Элиталык Чемпиондор Лигасынын «Аль Ахли» (Сауд Арабиясы) - «Кавасакиди» (Япония) беттешине күбө болушту.
