Ноокен районунда жаңы спорт зал ачылды
Ноокен районунун Дооронбек Садырбаев айыл аймагынын Беш-Жыгач айылында жаңы спорт зал ачылды. Иш-чарага Жалал-Абад облусунун башчысы Тилек Текебаев катышты.
Имараттын курулуш иштерине жалпы 27 млн 742 миң сом акча каражаты жумшалган. Анын 12 млн сому Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунан, калган сумма райондук өнүктүрүү фонду жана айыл өкмөтүнүн өздүк салымынан эсебинен каржыланган. Мында заман талаптарына ылайык шарттар түзүлүп, спорттук шаймандар менен камсыздалган.
