Кыргызстандын U-23 жаштар курамасы жаңы машыктыруучулар штабы менен тааныштырылды
Кыргызстандын U-23 жаштар курамасынын окуу машыгуу жыйынынын старты алдында бүгүн КФБ башкы катчысы Медербек Сыдыков жыйынга чакырылган оюнчулар менен жолугуп, аларды жаңы машыктыруучу штабдын өкүлдөрү менен тааныштырды.
Белгилесек, Кыргызстандын жаштар курама 2026-жылкы Азия Кубогунун жолдомосу үчүн «E» тайпасында Өзбекстан, Палестина, Шри-Ланка курамалары менен бирге орун алды.
КР курамасынын квалификациялык оюндары ушул жылдын 1-9 сентябрь күндөрүндө Кыргызстанда орун алат.
Аталган беттештерге даярдык көрүү максатында жаңы бразилиялык адис Эдмар Ласерданын жетекчилигиндеги окуу машыгуу жыйын үчүн 45 оюнчу чогулду.
Жыйын алкагында курамабыз бир катар эл аралык жолдошук беттештерди өткөрөт:
- 9-июнь — Ташкентте, Өзбекстандын U-23 командасы менен беттеш
- 21-июнь — Душанбеде, Индиянын U-23 командасы менен беттеш
- 24-июнь — Душанбеде, Тажикстандын U-23 командасы менен беттеш
