Эркин Тентишев Күрөш федерациясынын президенти болуп шайланды — өмүр баяны
Эркин Тентишев Күрөш федерациясынын президенти болуп шайланды. Мындай чечим федерациянын 14-сентябрда өткөн кезексиз жыйынында кабыл алынган.
Эске сала кетсек, буга чейин аталган кызматты Мелис Турганбаев аркалап келген. Ал Парижде өткөн Олимп оюндарынан кийин өз каалоосу менен отставкага кеткен.
Тентишев Эркин Саткынбавич 1962-жылдын 29-апрелинде Бишкек шаарында туулган. Үч жогорку билимдин ээси.
Билими:
• 1979-1986 — Скрябин атындагы Кыргыз улуттук айылчарба институтунда окуган;
• 1996-2000 — Кыргызстандын Эл аралык университети;
• 2000-2003 — Кыргыз Республикасынын дипломатиялык академиясын бүтүргөн.
Эмгек жолу:
• 1986-1999 — Кемин районуна караштуу Ильич атындагы Мамлекеттик асыл тукум заводунун жетекчиси. Селекциялык-көзөмөл гурт фермасынын башчысынын милдетин аткаруучу.
• 1990-1991 — башкы зоотехник, Кемин районунун»Быстровка ПЕС» айыл чарба ишканасынын директору;
• 1993 — «Аида» туристтик фирмасынын уюштуруучусу(Бишкек шаары);
• 1998-2001 — КРдин Пакистан Ислам Республикасындагы Соода өкүлчүлүгүнүн жетекчиси;
• 2001-2004 — Кыргыз Республикасынын Ислам Республикасындагы дипломатиялык миссиясынын башкы консулу жана жетекчиси;
• 2004-2005 — КРдин ТИМдин алдындагы иммиграциялык фонддун директору болгон;
• 2004 — Э.Тентишев атындагы Азия медициналык институтунун негиздөөчүсү болуп эмгектенип келген;
• 2021 — Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү.
• 2021-жыл, июль — президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү.
Сыйлыктары:
• «7-Апрель баатыры» медалы;
• Чүй облусунун «Кеменгер» медалы;
• Чүй облустук мамлекеттик админстрациясынын Ардак грамотасы;
• Кыргыз Республикасынын премьер-министринин Ардак грамотасы.
Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен2018-жылдын 31-декабрында «Даңк» медалы менен сыйланган.