Таласта гиря көтөрүү боюнча Кыргызстандын чемпионаты болуп өттү
Талас шаарындагы "Газпром" спорт комплексинде 15-августта гиря көтөрүү боюнча Кыргызстандын чемпионаты болуп өттү. Бул тууралуу Талас облустук жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт башкармалыгынан кабарлашты.
Биринчиликке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышты.
Жеңүүчүлөргө Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан тиешелүү даражадагы диплом, медалдар, кубок жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
