Ошто дүйнө чемпионатынын жарым жана финалдык беттештери чоң экранда көрсөтүлөт
8 июль

Ошто дүйнө чемпионатынын жарым жана финалдык беттештери чоң экранда көрсөтүлөт

Ош шаарынын мэриясы калаа тургундарын жана конокторун футбол майрамынын эң кызыктуу көз ирмемдерин бирге көрүүгө чакырат.

Мэриядан кабарлашкандай, 2026-жылдагы FIFA Дүйнө чемпионатынын жарым финалдык беттештери 15 жана 16-июль күндөрү, ал эми финалдык беттештер 19-июль күнү Ош шаарынын борбордук аянтындагы чоң LED экрандан түз алып көрсөтүлөт.