Айсулуу Тыныбекова жолдошунун сүрөтүн көрсөттү
18 декабрь

Айсулуу Тыныбекова жолдошунун сүрөтүн көрсөттү

Дүйнөнүн үч жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова социалдык тармактагы баракчасына жолдошунун сүрөтүн жарыялады. 

"Бүгүн мен сиздер менен жашоомдун эң маанилүү бөлүгү менен бөлүшүүнү чечтим. Бул көпчүлүктү кызыктырган менин жолдошум тууралуу суроолор. Негизи мен ар дайым бактылуулук тынчтыкты сүйөт деп ишенип, жеке жашоону коомчулукка алып чыкпоону туура көрчүмүн. Бирок азыр жашоомдун жаңы баракчаларын ачып, колдоп, мени дүйнөдөгү эң бактылуу кылган адамды көрсөтүүгө мезгил келгенин сезип турам. Ар бир кыз бактылуу болууга милдеттүүбүз. Менин үй-бүлөм менин бактым", - деп билдирүү калтырды Тыныбекова.

Эске сала кетсек, ушул жылдын 7-декабрында Айсулуу Тыныбекова турмушка чыккандыгын жар салган.