Кыргызстандын U-17 курамасы Азия кубогуны жолдомо алган жок
22-30-ноябрь күндөрү старт алган, Кыргызстандын U-17 өспүрүмдөр курама командасынын катышуусундагы 2026-жылкы Азия Кубогунун тандап алуу оюндары жыйынтыкталды. Беттештер Бишкек шаарында, Дөлөн Өмүрзаков жана «Достук Арена» стадионундорунда өттү.
Бүгүн 30-ноябрь күнү акыркы беттеш күнүндө Кыргызстандын U-17 курамасы Камбоджа менен беттешип, оюн 3:0 эсебинде жыйынтыкталды.
Эске салсак, биздин курама «B» тайпасында Йемен, Пакистан, Гуам, Лаос жана Камбоджа менен күч сынашты.
Оюндардын жыйынтыгы:
22-ноябрь | Кыргызстан – Йемен 0:2
24-ноябрь | Кыргызстан – Пакистан 1:3
26-ноябрь | Гуам– Кыргызстан 0:9
28-ноябрь | Лаос– Кыргызстан 2:3
30-ноябрь | Кыргызстан – Комбоджа 3:0
Тандап алуу оюндарга жалпы 38 курама катышып, алар 7 тайпага бөлүнгөн. Ал эми, 2026-жылкы U-17 Азия Кубогунун финалдык этабы 2026-жылдын май айында Сауд Арабиясында өтүп, ага тандоо оюндарынын жыйынтыгында 7 курама жолдомо алды. Белгилесек, аталган Азия Кубогунун финалдык баскычынын жолдомолоруна 2025-жылкы Дүйнө чемпионатында ойногон Азиянын 9 курамасы автоматтык түрдө ээ болгон.
