Баткенде Кыргыз улуттук классикалык күрөшү боюнча эл аралык мелдеш өтөт
Баткен облусунун Лейлек районундагы Раззаков шаарынын борбордук стадионунда 31-августта Кыргыз улуттук классикалык күрөшү боюнча Абдурахман Момуновдун жаркын элесине арналган эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Спорттук иш-чара Кыргыз улуттук классикалык күрөшүнүн Республикалык федерациясы тарабынан бекитилген эрежелерге ылайык уюштурулуп, 18 жаштан жогору курактагы Кыргызстандын жана чет элдик балбандар катыша алат.
Салмак категориялары:
- 75 кг;
- 90 кг;
- 90+ кг.
Мелдештин алкагында абсолюттук беттеш да өткөрүлүп, ага 90+ кг салмак чегинен жогору ар бир командадан бирден балбан катышса болот.
