Айваз Оморканов Улуттук олимпиада комитетинин президенти болуп шайланды
www
11 май

Айваз Оморканов Улуттук олимпиада комитетинин президенти болуп шайланды

Айваз Оморканов Улуттук олимпиада комитетинин президенти болуп шайланды. Ал комитеттин башчылыгына жалгыз талапкер болду.  Шайлоо бүгүн, 11-майда Бишкекте өтүп, комитеттин 49 мүчөсү катышып, анын 48и макул, бирөө каршы добуш берди.

Буга чейин бул кызматка Кыргызстандын Волейбол федерациясынын президенти Элмурза Сатыбалдиев жана Кыргыз футбол биримдигинин биринчи вице-президенти Нурдин Букуев дагы талапкер болушкан. Бирок алар добуш берүүгө бир күн калганда талапкерлигин алып салышкан. 

Айваз Оморканов Кыргызстандын Хоккей федерациясынын вице-президенти. Аны атасы Анвар Оморканов жетектейт. 

Айваз Оморканов 30 жашта, Бишкек шаарында төрөлгөн. 25 жашында Азия жана Океания аймагы боюнча Эл аралык хоккей федерациясынын эң жаш вице-президенти болуп калган. Ал бүткүл Азия аймагында хоккейдин өнүгүшүн көзөмөлдөйт.