Футбол: Урмат Абдукаимов убактылуу башкы машыктыруучу болду 
14 июль

Футбол: Урмат Абдукаимов убактылуу башкы машыктыруучу болду 

Урмат Абдукаимов КРнын улуттук курама командасынын убактылуу башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги маалымдайт.

Бул чечим Кыргыз футбол биримдиги учурда улуттук команданын жаңы башкы машыктыруучусун тыгыз издеп жаткандыгына байланыштуу кабыл алынды.

Эскерте кетсек, буга чейин бул кызматты аркалаган Максим Лисицын башкы машыктыруучулук кызматтан кеткен.

Урмат Абдукаимов — АФКнын A, B жана C категориядагы лицензияларга ээ, тажрыйбалуу адис. Ал буга чейин улуттук курамада башкы машыктыруучунун жардамчысы болуп иштеген, учурда Премьер-Лиганын «Талант» клубунун башкы машыктыруучусу болуп саналат жана FIFA Talent Development Scheme долбоорунун алкагында аналитик катары да иш алып барган.