Эркин күрөш (U-20): бүгүн Кыргызстандын атынан 3 спортчу беттешке чыгат
Болгарияда (Самоков) өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын экинчи күнү эркин күрөш боюнча мелдештер менен уланат.
Бүгүн 57 кг, 65 кг, 79 кг жана 92 кг салмак категорияларындагы балбандар килемге чыгат.
Кыргызстандын атынан бул күнү үч спортчу беттешке чыгат:
- 57 кг салмакта – Баяман Керимбеков,
- 65 кг салмакта – Өмүрбек Асан уулу,
- 79 кг салмакта – Максат Табылдиев күч сынашат.
Баштапкы таймаштар Бишкек убактысы боюнча саат 13:00дө башталат.
